Министр Акар операцияга баа берди

Хулуси Акар Анкарада журналисттерге «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу маалымат берди.

1285853
Министр Акар операцияга баа берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышындагы террордук уюктарды бутага алган «Тынчтык булагы» операциясына катышкан аскерлердин маанайлары жогору экенин айтты.

Хулуси Акар, баш калаа Анкарада журналисттерге «Тынчтык булагы» операциясына байланыштуу маалымат берди.

Министр Акар, операциянын пландалгандай ийгиликтүү уланып жатканын белгилеп: «Түрк аскерлери баатырдык дастан жазып кызматын орундатууну улантып жатышат. Аскерлердин маанайлары жогору»,-деди.



Тектеш кабарлар