Түркия "Тынчтык булагы" операциясын ылдам баштады

Кыймылдын башталганын президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялады.

1285017
Түркия "Тынчтык булагы" операциясын ылдам баштады
baris pinari harekati
baris pinari harekati
baris pinari harekati
baris pinari harekati.jpg
baris pinari harekati.jpg

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ПКК/ЙПГ жана ДЕАШка каршы «Тынчтык булагы» операциясын кечээ баштады.

Операциянын башталганын президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялады.

Эрдоган түркчө, англисче жана арабча жазган билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын Улуттук армиясы менен бирге Сириянын түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарга каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады»,-деди.

Максаттарынын Түркиянын түштүк чек арасында түзүлүүгө аракет кылынган террордук тилкени жок кылуу жана ошондой эле аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде өлкөбүзгө багытталган террордук коркунучтарды жок кылабыз»,-деди.   

Операция менен түзүлө турган коопсуз аймак аркылуу сириялык качкындардын өлкөлөрүнө кайтууларын камсыздай тургандарын белгилеген Президент: «Тынчтык булагы операциясы менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоп, бүтүндөй аймак калкын террордун чеңгелинен куткарабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, бул операцияда милдеттендирилген түрк аскерлерине жана жергиликтүү колдоочу элементтерине ийгилик каалады.

Президент Эрдоган, «Тынчтык булагы» кыймылы тууралуу Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели жана Жакшы партиясынын жетекчиси Мерал Акшенерге телефон чалып маалымат берди.

«Тынчтык булагы» операциясынын алкагында Тель-Абьяддагы террор бутасы пушкалар менен бомбаланууда.

Жейланпынар районунун маңдайындагы Ресулайндын айрым жерлеринен түтүн чыгып жатканы байкалды.

Сириянын чек арасында согуштук учактардын учканы көрүнүүдө.

Бул учурда Ресулайнда террор уюму ЙПГ/ПКК басып алуусу астындагы бир аймактан Жейланпынарга 2 минометтун огу атылды. Кол салууда каза болгон же жарадар болгон жок.

Улуттук коргоо министрлиги да интернет барагынан берген жарыясында «Тынчтык булагы» операциясынын башталганын билдирди жана анда буларга орун берди: «Чек араларыбыздын коопсуздугун камсыздоо, чек араларыбыздын түштүгүндө террор коридорунун түзүлүүсүнө бөгөт коюу, ДЕАШ жана ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ баш болгон улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурган террордук уюмдар жана террористтерди жок кылуу, жеринен ажыраган сириялыктардын үйлөрүнө жана жерлерине кайтуулары үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо максаты менен «Тынчтык булагы» операциясы саат 16:00да ишке ашырыла баштады».

Операция тууралуу Тышкы иштер министрлигинде да тыгыз дипломатиялык алакалар жүрүп жатат.

Министрликтин жарыясында БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин кыймыл тууралуу маалыматтандырылышы үчүн министрликке чакыртылганы билдирилди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциядан турат.



Тектеш кабарлар