Түркия «Тынчтык булагы» операциясын баштады

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүнө аскердик операция баштады.

1284944
Түркия «Тынчтык булагы» операциясын баштады
baris pinari harekati1.jpg
cumhurbaskani erdogan.jpg

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдар ПКК/ЙПГ жана ДЕАШка каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады.

Операциянын башталганын президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялады.

Эрдоган түркчө, англисче жана арабча жазган билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын Улуттук армиясы менен бирге Сириянын түндүгүндөгү ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарына каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштады»,-деди.

Максаттарынын Түркиянын түштүк чек арасындагы террордук коридорду жок кылуу жана ошондой эле аймакка тынчтык жана ырааттуулук алып келүү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде өлкөбүзгө багытталган террордук коркунучтарды жок кылабыз»,-деди.   

Операциянын алкагында түзүлө турган коопсуз аймактын негизинде сириялык качкындардын өлкөсүнө кайтууларын камсыздай тургандарын белгилеген президент: «Тынчтык булагы операциясы менен Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоп, аймактын элин террордун чеңгелинен куткарабыз»,-деди.

Президент Эрдоган, операцияда кызмат өтөй турган баатыр түрк аскерлерине жана жергиликтүү колдоо көрсөтүүчүлөргө ийгилик каалады.

«Тынчтык булагы» операциясынын алкагында Тель-Абьяддагы айрым аймактардагы террордук буталар атылууда жана Сирия чек арасында согуштук учактардын учуп жүргөнү байкалды.

Бул учурда Сириядагы террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусундагы аймактан Түркиянын Жейланпынар районуна минометтун эки огу атылды. Кол салуудан жабыркагандар катталган жок.

Улуттук коргоо министрлиги да интернет баракчасынан операциянын башталганын жарыялады.

Министрлик АКШ, Орусия, Англия, Франция жана Италия менен НАТО жана БУУга саат 14.00төн тарта операция тууралуу маалымат берилип жатканын билдирди.

Операцияга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде да тыгыз диплотиялык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциянын элчилерине маалымат берилүүдө.

 



Тектеш кабарлар