Түрк аскери Евфраттын чыгыш жагына кирди

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сирияда баштаган ПКК/ПЙД жана ДЕАШ террордук уюмдарын бутага алган «Тынчтыктын булагы» операциясынын кургактык бөлүмүнө да өттү.

1285089
Түрк аскери Евфраттын чыгыш жагына кирди

Түрк аскери өлкөдө жана аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн Евфрат дарыясынын чыгыш жагында...

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сирияда баштаган ПКК/ПЙД жана ДЕАШ террордук уюмдарын бутага алган «Тынчтыктын булагы» операциясынын кургактык бөлүмүнө да өттү.

Түрк аскери 3 башка жерден чек арадан өтүп аймакты мурда басып алган террористтер менен күрөшүүнү кургактыктан да жүргүзүүнү баштады.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз жана Сириянын улуттук армиясы, Тынтыктын булагы операциясынын алкагында Евфрат дарыясынын чыгыш жагында кургактык кыймылын баштады»,делди.

Операциянын абадан башталганын президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия убактысы боюнча саат 16:00дө, «ТКК, Сириянын түндүгүнө ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ террордук уюмдарына каршы Тынчтыктын булагы операциясын баштады»,-деп жарыялады.

Андан кийин Түрк реактивдери 30 км ичкериге дейре кирип барып террорист буталардын таш талканын чыгарды.



Тектеш кабарлар