ТККга Сирия жана Иракта операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген уруксат документи узартылды

Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) Сирия жана Иракта чек аранын ары жагына операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген Президенттик уруксат документи Парламенттин жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынды.

1284311
ТККга Сирия жана Иракта операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген уруксат документи узартылды

Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) Сирия жана Иракта операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген уруксат документинин мөөнөтү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) жалпы жыйыны тарабынан дагы 1 жылга узартылды.

ТККга Сирия жана Иракта чек аранын ары жагына операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген Президенттик уруксат документи Парламенттин жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынды.

Уруксат документинин мөөнөтү 2020-жылдын 30-октябрына чейин узартылды.

Кабыл алынган уруксат документи ТККнын Ирак жана Сириядагы террордук топтор менен күрөшүүсүнүн алкагында чек аранын тышында милдеттендирилишин көздөйт.

Уруксат документи; Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК Партия), Жумурият Элдик партиясы (ЖХП), Улуттук кыймыл партиясы (МХП) жана Жакшы (İYİ) партиянын добуштары менен кабыл алынды.

 



Тектеш кабарлар