Эрдоган Сербияда...

Президент Эрдоган, борбор шаар Бельграддагы Сербия Сарайында кесиптеши Александр Вучич тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

1283288
Эрдоган Сербияда...
erdogan sirbistan1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Сербияга барды...

Президент Эрдоган, борбор шаар Бельграддагы Сербия Сарайында кесиптеши Александр Вучич тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Эрдоган жана Вучич, аземден кийин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 140 жылдыгынан улам Сербиянын мамлекеттик архивдериндеги документ жана фотосүрөттөрдөн турган көргөзмөнү кыдырды.

Бетме-бет жолугушууга өткөн Эрдоган менен Вучич, Түркия-Сербия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына жетекчилик кылат.

Келишимдерге кол коюу аземине катыша турган Эрдоган жана Вучич, биргелеше маалымат жыйын өткөрөт.

Расмий тосуп алуу аземине тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, талаа чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, транспорт жана инфраструктура министри Мехмет Жахит Турхан, Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да орун алышты.



Тектеш кабарлар