Жамал Хашогги кылмышын иликтөө улантылат

Президенттик аппаратынын коммуникация боюнча башкармасы Фахреттин Алтун Жамал Хашоггинин киши колдуу болушунун биринчи жылында твиттерден билдирүү жарыялады.

1280560
Жамал Хашогги кылмышын иликтөө улантылат

Түркия Жамал Хашогги кылмышын иликтешерин дагы бир жолу жарыялады.

Президенттик аппаратынын коммуникация боюнча башкармасы Фахреттин Алтун саудиялык журналист Жамал Хашоггинин киши колдуу болушунун биринчи жылында твиттерден билдирүү жарыялады.

Алтун : «Журналист Жамал Хашоггинин 2018 -  жылы 2 -  октябрда барган Сауд Арабия консулдугунда киши колдуу болушунан бери бир жыл өттү. Президентибиз Р. Т. Эрдогандын киришүүсү менен Түркия бул кылмыштын ачыкка чыгарылышы үчүн ал күндөн бери аракетин улантууда. Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуу менен бул уюмдашкан жана пландуу кылмыштын жаап – жашырылышына тоскоол болдук. Бирок Сауд Арабия мекемелеринин  соттун тактыгына көлөкө түшүргөн мамилеси жана адилеттиктин ордун табышы үчүн жетерлик аракетти көрсөтпөгөндүгү капалантуучу»,- деди.

Түркия катары Жамал Хашогги доосун иликтешерин дагы бир жолу эске салган Алтун : «Бул тууралуу эл аралык коомго да иштелген кылмышка карата биргеликте кыймыл кылуу чакыруубузду кайталайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар