Эрдоган Евфраттын чыгыш жагына кыймыл белгисин берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 27-чакырылыштын 3-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышынан улам Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Жалпы жыйынында эл өкүлдөргө кайрылды.

1279901
Эрдоган Евфраттын чыгыш жагына кыймыл белгисин берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда түзүлө турган коопсуз аймак темасында Түркиянын корото турган бир күнү дагы жок экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 27-чакырылыштын 3-мыйзам чыгаруу жылынын ачылышынан улам Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Жалпы жыйынында эл өкүлдөргө кайрылды.

Сөзүндө Сирия кризисине токтолгон Эрдоган: «Сирия кризиси көпкө созулуп кеткени үчүн, дагы деле чек араларыбыздын ичинде жашаган 3 миллион 650 миң коногубуз алып келген экономикалык, социалдык жана маданий сыноолорду албетте билебиз. Түркиядан башка ушундай жүктү көтөрө ала турган жана ушунчалык узун мөөнөткө жүргүзө ала турган башка өлкө жок экенин дагы билебиз. Муну менен катар миллиондогон баш калкалоочуну түбөлүккө дейре конок кылууну улантуу сыяктуу оюубуз да жок»,-деди.

Эрдоган: «Орто эсеп менен 8 жылдан бери конок кылган бул адамдардын үйлөрү, журттары, мекендери бар. Биздин милдетибиз баш калкалоочулардын тез арада өз өлкөлөрүндө турмушун уланта ала турган коопсуз климатты жаратуу. Бул темада эл аралык коомчулукка көп сандаган чакырык салдык»,-деп айтты.

Ушул убакка дейре коопсуз абалга келтирилген жерлерге кайткан сириялык баш калкалоочулардын санынын 360 миңге жеткенин баса белгилеген Эрдоган: «Сирияда болушубуздун жалгыз себеби, чек арабызга багытталган террор коркунучтарынын, бир эле убакта өлкөбүздөгү сириялыктардын артка кайтууларына да бөгөт болуучу тосмо абалына айланган болушу. Түркиянын эми бул темада корото турган бир күнү дагы жок. Келип жеткен жерде өз жолубузду улантуудан башка чарабыз калган жок. Манбиж менен кошо, Евфрат дарыясынан Ирак чек арасына чейин түзүлө турган 30 км ичкеридеги коопсуз аймакта бир миллиону жаңы отурукташуу, бир миллиону учурдагы жерлеринде болуп бардыгы 2 миллион кишини жайгаштырууну пландап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар