Ирактын түндүгүндө беш террорист жок кылынды
Ирактын түндүгүнө карата абадан операция жүргүзүлдү.
Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында аныкталган ПКК террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист аба операциясында жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берилген маалыматында түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук Чалгындоо Уюмнун координациялуу операциясында Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террористтин аныкталгандыгы белгиленип, террористтердин абадан жүргүзүлгөн аба операцияда жок кылынгандыгы билдирилди.
Бир тараптан Гара аймагында жүргүзүлгөн аба операциясында ПКК жикчил террордук уюмдун 2 террористти жок кылынды. Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берилген маалыматында түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук Чалгындоо Уюмнун координациялуу иш алып баруусу менен Гара аймагында абадан операция жүргүзүлгөндүгү маалымдалды. Аба операциясында 2 террористтин колдонгон унаасынын ичинде жок кылынгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.