Мрамор деңизинде жер титирөө катталды
Стамбулдагы жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жетти.
Эпицентри Мрамор деңизинин жээгиндеги Силиври району болгон 5.8 баллдык жер титирөө катталды.
Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын интернет баракчасында орун маалыматка караганда, Түркия убактысы боюнча саат 13.59да болгон жер силкинүүнүн жердин 6,99 чакырым тереңдигинде катталгандыгы жана Силивриге алыстыгы 21,68 чакырым экени белгиленди.
Босфор унивеситетинин Кандилли обсерваториясы жана Жер титирөөлөрдү изилдөө институтунун Аймактык жер титирөө-цунами көзөмөлдөө борбору да жер титирөөнүн күчү 5.7 баллга жеткенин билдирди.
Жер титирөө Стамбул жана чөйрөдөгү облустарда да сезилди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.