Калын менен Алтун Нетаньяхуга каршылык көрсөтүштү

Нетаньяху Эрдоганды негизсиз сөздөр менен сындаган болчу.

1275838
Калын менен Алтун Нетаньяхуга каршылык көрсөтүштү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун президент Режеп Таййип Эрдоган жөнүндө айткан сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

Калын Твиттер баракчасынан англис тилинде жарыялаган бөлүшүүсүндө: «Израилдин премьер-министри капалуу анткени президент Эрдоган, Израилдин Палестинанын жерлерин басып алганын жана Палестина элине кылган зулумдугунун чын экендигин катуу сөздөр менен айтууда. Үнүн чыгара албагандардын үнү болгон Эрдогандын жабырлануучуларды жактоосун улантаарын Нетаньяху түшүнүшү керек»,-деп айтты.

Бул учурда коммуникация башчысы Фахреттин Алтун да, Твиттерден жарыялаган англис тилиндеги бөлүшүүсүндө: «Паракорлук боюнча айыпталган Нетаньяху дагы бир жолу өзүнүн ички маселелерин башка багытка бурууга аракет кылууда. Убактыңызды шайлоону чындап жеңе турчу лидер менен алпурушкандын ордуна сотуңузга даярданууга бөлсөңүз жакшы болбойбу?»,-деди.

Президент Эрдоган кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынындагы сөз сүйлөөсүндө, Израилдин Палестина элине кылган зулумдугун катуу айыптагандан кийин премьер-министр Нетаньяху Твиттер баракчасынан Эрдоганды негизсиз сөздөр менен сындаган болчу.



Тектеш кабарлар