Түркия Кытайга сүт экспорттоо боюнча келишим түздү

Айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри Пакдемирли Кытайга сүт экспорттоо үчүн келишим түзүшкөндөрүн жарыялады.

1274779
Түркия Кытайга сүт экспорттоо боюнча келишим түздү

Айыл  - чарба жана токой чарбачылыгы министри Бекир Пакдемирли Кытайга сүт экспорттоо үчүн келишим түзүшкөндөрүн жарыялады.

Бекир Пакдемирли  Эл аралык сүт федерациясы (IDF) тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн «IDF дүйнөлүк сүт» саммитинде сөз сүйлөдү. Түрк потенциалын эселенте турган орчундуу бир канча сясатты алдыдагы күндөрдө турмушка ашыруу үчүн кеңешишкендерин билдирген Пакдемирли : «Оболу бодо малда гендик потенциалыбызды арттыра турган саясаттарды колдойбуз. Муну аткарып жатып өлкөбүздүн аймактык динамикаларын да байкоо менен эт жана сүттө аймактык колдоого өтүү пикирин карап чыктык. Ушунун саясында эт жана сүттө түшүмдүүлүгүбүздү арттырууну пландап жатабыз»,- деди.

Сүт продуктыларынын дүйнөдөгү ордун белгилеген Пакдемирли : «Тышкы базарда түрк сүт продуктылары күн өткөн сайын белгилүү болуп баратат, өзгөчө лабне быштагы дүйнөдө Turkish Labne деген ат менен тандалып жатат. Жакынкы Чыгышка жасаган импортту Ыраакы Чыгыш базарына жайылтууну максат кылдык. Ушунун негизинде Кытайга сүт экспорттоо максатында Ветеринардык саламаттык сертификаты боюнча келишим түздүк»,- деп билдирди.

Пакдемирли  өзгөчө Иран жана Өзбекстан менен Саламаттык сертификаты тууралуу акыркы бир жыл үчүн келишкендерин маалымдады.



Тектеш кабарлар