Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер Катардын коргоо министри менен жолугушту

Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер расмий сапарынын негизинде кечээ Догахага барган.

1274616
Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер Катардын коргоо министри менен жолугушту

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер Катардын коргоо министри Халид бин Мухаммед ел  -  Атиййе менен эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуу  тууралуу сүйлөштү.

Катардын расмий маалымат агенттиги QNAда орун алган кабарга караганда армиянын генералы Гүлер Катардын коргоо министри Атиййе менен Катардын борбор шаары Дохада жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташуу жана кызматташуунун күчтөндүрүлүшү темалары каралды.

Жолугушууда Катардын башкы штабынын төрагасы Ганим бин Шахин ел  - Ганим жана күч командирлери да катышты. Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер расмий сапарынын негизинде кечээ Догахага барган.



Тектеш кабарлар