Ирактын түндүгүндө дагы үч террорист жок кылынды
Гара аймагына абадан операция жүргүзүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук чалгындоо уюму тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист абадан операцияда жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Гара аймагына абадан операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
Билдирүүдө: «Түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук чалгындоо уюмунун биргелешкен иш-аракетинин негизинде Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККлык 3 террорист абадан операцияда жок кылынды»,-делди.
Бир тараптан Тунжелинин элет жеринде да бир террорист таасирсиз кылынды.
Аймакта операциялар уланып жатат.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.