Эрдоган: "АКШ, Түркия менен согушкан террористтерге курал берүүдө"

Англиянын маалымат агенттиги Рейтерстин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган, ЙПГ/ПЙДнын (жикчил террор уюму) ПККнын (Сириядагы) уландысы экенин айтты.

1269234
Эрдоган: "АКШ, Түркия менен согушкан террористтерге курал берүүдө"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Түркия менен согушкан террористтерге курал камсыздоосун сынга алды.

Англиянын маалымат агенттиги Рейтерстин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган, ЙПГ/ПЙДнын (жикчил террор уюму) ПККнын (Сириядагы) уландысы экенин айтты.

Президент: «Муну Батышка түшүндүрө албадык. АКШ бул жерге (Сириядагы террористтерге) он миңдеген фура толтура курал жарак, ок-дары алып келди. НАТОдогу шериктешиңиз Түркияга акчасына бербеген куралдарды буларга бекер берүүдөсүз»,-деди.

Эрдоган: «Террористтер согушуп жаткан Түркия, сиз болсо буларга курал берүүдөсүз. Бул кандай шериктештик?»деген сөздөр менен сындады.

Түркия чек арасында террор тилкесине эч качан уруксат бербей турганын дагы бир жолу баса белгилеген Эрдоган: «Тилекке каршы (АКШнын, Сирия менен болгон чек арабызда) «коопсуз аймак түшүнүгү» күтүүлөрүбүзгө жооп бербей жатат. Алагды кылуу саясатына айланууда. Чыдамыбыз кетсе өз чарабызды көрүүгө аргасыз болобуз»,-деп эскертти.



Тектеш кабарлар