Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк EBRDнин төрагасы менен жолугушту

Министрликте өткөн жолугушууда Түркия жана EBRDнин ортосунда алдыбыздгы мезгилде өнөр жай саясаттары жана инновациялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү күн тартибине келди.

1268120
Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк EBRDнин төрагасы менен жолугушту

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Европа калыбына келтирүү жана өнүгүү банкы EBRDнын төрагасы Сума Чакрабарти менен жолугушту.

Министрликте өткөн жолугушууда Түркия жана EBRDнин ортосунда алдыбыздгы мезгилде өнөр жай саясаттары жана инновациялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү күн тартибине келди.

Банктын Түркиядагы операциялары жана келерки мезгилдеги стратегиялары тууралуу маалыматтар берилген жолугушууда технологиялык багыттагы өнөр жай кыймылы жана министрликтин технология менен инновация базисин өнүктүрүүгө карата иштер тууралуу пикир алышууларда болушту.

Жолугушууга өнөр жай жана технология министринин орун басарлары Мехмет Фатих Кажыр менен Четин Али Дөнмез, EBRDнин Түркия директору Арвид Туркнер, EBRDнин Түркия төрагасынын өкүлү жана Анкара кеңсесинин төрагасы Барыш Динчер, EBRDнин Түркия төрагасынын өкүлү Ханде Ыслак менен EBRDнин экономистти Лоренцо Чари катышты. Жолугушуу массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.



Тектеш кабарлар