Президент Эрдогандан коопсуз аймак тууралуу маалымат

Эрдоган : «Коопсуз аймак болбосо капкаларды ачууга мажбур болобуз".

1264333
Президент Эрдогандан коопсуз аймак тууралуу маалымат

Президент Р. Т. Эрдоган батыш өлкөлөрүнүн убадасында туруп, качкындар тууралуу Түркияга колдоо берүүлөрүн, болбосо качкындардын Европага өтүшү үчүн капкаларды ачышарын айтты.

Президент жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын борборунда өткөрүлгөн Кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө батыштык өлкөлөрдүн качкындар үчүн Түркияга берген убадасын орундатпагандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Коопсуз аймак болбосо капкаларды ачууга мажбур болобуз. Колдоо бере турган болсоңор бергиле, колдоо бербесеңер капкаларды ачууга мажбур болобуз. Бул жүктү бир гана биз тартабызбы?»,- деди.

Эрдоган : «Коногубуз болгон баш калкалоочулардын жүгүнүн бөлүшүлүшү тууралуу Европа Биримдиги башта болуу менен дүйнөдөн керек болгон колдоону ала албадык. Алуу үчүн муну аткарууга (капкаларды ачуу) мажбур болобуз»,- деди.

«Сентябрь айынын акыркы жумасына чейин Евфрат дарыясынын чыгышындагы коопсуз аймакты түзүүдө өз каалообуз менен баштоодо чечкиндүүбүз»,- деген Эрдоган : «Максатыбыз сириялык бир туугандарыбыздан эң аз 1 миллионун 450 километрдик чек ара жолунда түзө турган коопсуз аймакта жашатуу»,- деди.



Тектеш кабарлар