Октай Грандини кабыл алды
Жолугушуу бир саатка созулду.
Вице-президент Фуат Октай, кечээ БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.
Президенттиктин комплексинде 1 саатка созулган жолугушууда, Түркияда сандары 3,6 миллион ашкан сириялыктар менен катар мигранттар, баш калкалоочулар жана качкындар темалары каралды.
Жогорку комиссар Гранди, Түркиянын сириялыктарга карай аракеттеринин ыраазычылык менен кубатталгандыгын белгиледи.
Гранди Түркиянын мойнундагы жүктүн оордугун жакшы түшүнгөн мекеме катары Түркия менен кызматташууга маани бергендерин айтты.
Вице-президент Фуат Октай да эл аралык коомчулуктун Түркиянын сириялыктарга карата аракеттерине жетиштүү колдоо көрсөтпөй жаткандыгын, процесске дагы көбүрөөк салым кошуулары керектигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.