Мардинде бир аскер шейит болду

Террористтер тарабынан жолго жайгаштырылган жарылуучу зат жарылып кетти.

1263327
Мардинде бир аскер шейит болду

Мардиндин Өмерли районунда жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтер тарабынан жолго жайгаштырылган колго жасалган жарылуучу заттын жарылып кетишинен 1 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Тавуклу кыштагында террордук уюм ПККга мүчө террористтер тарабынан жайгаштырылган жарылуучу зат коопсуздук күчтөрү өтүп бара жатканда жарылып кетти.

Жарылууда 1 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Жаракат алгандар Өмерлидеги мамлекеттик ооруканага жеткирилди.



Тектеш кабарлар