Эрдоган: "Террор менен күрөшүү чечкиндүү уланат"

Эрдогандын Трабзондо 15-июль Шейиттер жана Хүррийет паркындагы тобу менен ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө  террор менен күрөшүү маселесине токтолду.

1258149
Эрдоган: "Террор менен күрөшүү чечкиндүү уланат"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын айтты.

Эрдоган, Трабзондун Тония районундагы бир отелдин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Ирактын түндүгүндө кечээ башталган «Чеңгел-3» операциясында бүгүн үч аскер шейит болгонун эске салып, «Билесиздер, 3 шейитибиз бар. Жаралууларыбыз бар, бирок 21-22 террористти ичкериде жана тышкарыда жок кылдык. Коопсуздук күчтөрүбүз тыгыз түрдө иштерин улантууда. Шейиттерибиздин каны жерде калбашы керек»,-деди.

Эрдогандын Трабзондо 15-июль Шейиттер жана Хүррийет паркындагы тобу менен ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө да  террор менен күрөшүү маселесине токтолду.

Президент Эрдоган: «Шейиттерибиздин каны жерде калган жок. Эч бир шейитибиздин бир тапчы дагы каны бекер аккан жок. 22 террористти ичкериде жана тышкарыда жок кылдык. Убадабыз бар, чечкиндүүлүгүбүз бар жана эмне дедик эле ийиндерине киребиз дегенбиз, кирдик, кирүүдөбүз. Аскерлерибиз менен полициябыз менен айыл күзөтчүлөрүбүз менен бирге тоо таш дебестен бул күрөштү акырына дейре улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар