Түркияда токой аянттары өрттөн кантип сакталууда?

Жашылдандыруу иштеринде токой өрттөрү эске алынат.

1256841
Түркияда токой аянттары өрттөн кантип сакталууда?

 

Түркиядагы токой аянттарынын чоң бөлүгүн түзгөн өрткө кооптуу жерлер, отко туруштук берген бадалдардын түрлөрү отургузулган тилкелер менен сакталууда.

Кызыл карагай менен катар оңой күйгөн дарактардын айланасына өрткө туруштук берген кара кипарис, көк кипарис, жийде, акация, ахлат, ит мурун сыяктуу түрлөр отургузулууда.

Токой чарба директору Бекир Каражабей билдирүүсүндө, оңой күйгөн кызыл карагай түрүнүн Чанаккаледен башталып Хатайга чейин уланган Эгей жана Жер Ортолук деңиз жээктериндеги токой аянттарында табигый түрдө жайылып баратканын айтты.

Каражабей: «Жашылдандыруу иштеринде токой өрттөрүн эске алып ыктымалдуу өрттүн токой аянттарына жайылуусун алдын алуу үчүн белгилүү аралыктардагы тилкелерди калтыруудабыз. Бул тилкелердин тегерегине кипарис сыяктуу өрткө туруштук берген түрлөрдү отургузуп жатабыз. Ал тилкелер өрттү өчүрүүнү да жеңилдетүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар