Асад режими ТККнын байкоочу пунктун көздөй ок атты

Асад режими Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык 8 номердүү байкоочу пунктуна карай ок атты.

1256746
Асад режими ТККнын байкоочу пунктун көздөй ок атты

Сирияда Башар Асад режими Түрк куралдуу күчтөрүнө (ТКК) таандык 8 номердүү байкоочу пунктуна карай ок атты.

Асад режимине таандык согуштук учактар, Идлибдин түштүк-чыгышындагы Мааретинуман районунда орун алган 8 номердүү байкоочу пунктунун жакын жерине оор автоматтык куралдар менен ок атты.

Ок атуунун натыйжасында кандайдыр бир кыйроо болгон жок.

Сирман аймагындагы 8 номердүү пункт режимдин кечээ курчоого алган Хан Шейхун районунун түндүгүндө орун алган. Режим, Орусия жана Иран колдогон чет элдик террорист топтордун жардамы менен акыркы 10 күндөн бери Идлибдин түштүк жагында илгерилеп келе жатат.

Аты аталган аймактан 2018-жылы 17-сентябрда кол коюлган Идлиб келишиминен бери 1 миллионго жакын жаран Сирия-Түркия чек ара багытына көчтү.

Жергиликтүү булактар, кол салуулардын Мааретинуман жана Серакиб райондоруна жайылган учурунда жеринен ажырагандардын санынын 1,5 миллионго жете турганын жарыялады.

Режим 19-августта 8 номердүү пункттун түштүгүндөгү Морикте орун алган 9 номердүү пунктка бара жатканда Түрк куралдуу күчтөрүнүн конвоюна абадан кол салып 3 жаран каза болгон, 12 жаран жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар