Түркия БУУга Жамму Кашмир боюнча чакырык салды

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында маселенин диалог жолу менен чечилүүсүнүн маанисине токтолду.

1254207
Түркия БУУга Жамму Кашмир боюнча чакырык салды

Түркия, Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) Жамму Кашмир маселесин чечүүдө дагы активдүү роль ойнооосу боюнча чакырык салды.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында маселенин диалог жолу менен чечилүүсүнүн маанисине токтолуп, Жамму Кашмир темасында БУУнун Коопсуздук кеңешинде кечээ «Индия-Пакистан» темасы менен өткөрүлгөн кеңешүүлөрдүн аймакта чыңалуунун азайтылышы жана дипломатиянын алдыңкы планга чыгарылышы жагынан канагаттануу менен кабыл алынганы белгиленди.

Жарыяда бул сөздөргө орун берилди: «БУУнун мындан мурда чыгарган чечимдеринин алкагында маселенин чечилиши үчүн дагы кактивдүү роль ойношу керектигине ишенүүдөбүз. Маселенин мындан кийин дагы тараптардын ортосунда эл аралык укуктун негизинде жана диалог жолу менен чечилишин каалообузду кайталап, тынчтыкты бузуучу жана чыңалууну күчөтүүчү бир беткей кадамдардан алыс туруу чакырыгын салабыз».



Тектеш кабарлар