Түркия менен АКШнын коопсуз аймак түзүүгө карай биргелешкен иштери...

Улуттук коргоо министрлиги, АКШ менен жетишилген Сирияда коопсуз аймак түзүү макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөн иштерге карай жаңы маалымат берди.

1252537
Түркия менен АКШнын коопсуз аймак түзүүгө карай биргелешкен иштери...

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги АКШ менен коопсуз аймак макулдашуусунун алкагында учкучсуз учуучу аппараттардын милдетин аткара баштаганын жарыялады.

Улуттук коргоо министрлиги, АКШ менен жетишилген Сирияда коопсуз аймак түзүү макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөн иштерге карай жаңы маалымат берди.

Министрлик жарыясында, «АКШ менен координациялуу түрдө Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган Коопсуз аймактын алкагында; Шанлыурфада курула турган Биргелешкен кыймыл борборунун ишке киргизилишине карай иштер уланууда. Аймакта учкучсуз учуучу аппараттар милдеттерин аткара баштады»,делди.

Бир тараптан Диярбакырдын 7-Корпус командири генерал-полковник Синан Йайла жана аны коштогон аскердик комиссия, жолугушууларды өткөрүш үчүн Шанлыурфанын Акчакале районуна келди.

Синан Йайла жана аны коштогон аскердик комиссия орун алган конвой тыгыз коопсуздук чара көрүүлөрүнүн коштоосунда райондун борборундагы 3-Чек арачылар полкунун командирлигине барды.

Комиссиянын Сирияда коопсуз аймакка карай Биргелешкен кыймыл борборун түзүү максатында 3-Чек арачылар полкунун командирлигинде иштерин улантып жаткан 6 кишилик АКШ делегациясы менен жолугушуу өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар