Түрк Кызылайы 51 өлкөдө курмандыкка союлган малдын этин таратты

Түрк Кызылайынын төрагасынын орун басары Нажи Йорулмаз, Курман айт майрамынан улам Түрк Кызылайынын 51 өлкөдө 4 миллион 500 миң кишиге жете турганын айтты.

1252487
Түрк Кызылайы 51 өлкөдө курмандыкка союлган малдын этин таратты

Түрк Кызылайынын төрагасынын орун басары Нажи Йорулмаз, Курман айт майрамынан улам Түрк Кызылайынын кызматкерлери жана ыктыярдуулары катары дүйнөнүн төрт тарабына барып 51 өлкөдө 4 миллион 500 миң кишиге жете тургандарын айтты.

Түрк Кызылайынын Курман айт иш-чараларынын алкагында Занзибарга барган Йорулмаз, Түркия баш болуп Балкан өлкөлөрү, Орто Азия,  Түштүк Азия, Америка, Жакынкы Чыгыш жана Африкада 100 жерде курмандыкка мал союп таркаткандарын айтты.

Быйыл алгач ирет Кот-д'Ивуа́р, Мозамбик, Зимбабве, Комор аралдары, Руанда, Индонезия, Филиппин, Кампучия, Грузия, Татарстан, Греция менен Суринамда курмандыкка мал союлушун ишке ашыргандарын айткан Йорулмаз, Түрк Кызылайынын 151 жылдан бери дүйнөдөгү муктаждарга жардам берип келгенин айтты.

«Дүйнөнүн төрт тарабында тил, дин жана раса айырмасын кылбастан муктаж болгон адамдарды колдогондорду кучак жайып жардам берүүгө аракет кылуудабыз. Курман айт майрамынан улам  Түрк Кызылайынын кызматкерлери жана ыктыярдуулары катары дүйнөнүн төрт тарабына барып 51 өлкөдө 4 миллион 500 миң кишиге жетебиз. Түрк Кызылайына ишенген  баалуу кайрымдуулардын аманаттары болгон үлүштөрүн тараттык»,-деди ал.

Танзанияда Дар-Эс-Салам жана Занзибар баш болгон төрт аймакта курмандыкка мал сойгондорун айткан Йорулмаз, Танзаниянын жалпысында 500 миң үй-бүлөгө жетүүнү максаттагандарын билдирди.

Танзанияда танкер жарылышынан 69 киши каза таап, көп сандаган киши жаракат алган болчу. Мына ушуларга да баргандарына токтолгон Йорулмаз: «Танзаниянын Ички иштер министринин орун басары менен чогуу окуя болгон жерге зыярат кылдык. Ооруканадагы жаралуулар менен баарлаштык. Түрк Кызылайынан кандайдыр бир талабы болсо, ал талапты камсыздоо үчүн колубуздан келген жардамды берүүгө даяр болгонубузду аларга билдирдик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар