Түрк аба жолдорунун "түш" учагы АКШда

"Boeing 787-9 Dreamliner"жүргүнчү учагы биринчи Стамбул- Вашингтон каттамын ишке ашырды.

1250682
Түрк аба жолдорунун "түш" учагы АКШда

Түрк аба жолдору кыска убакыт мурда флотуна кошкон жаңы "Boeing 787-9 Dreamliner" жүргүнчү учагы биринчи Стамбул- Вашингтон каттамын ишке ашырды.

Түрк аба жолдорунун флотуна кыска убакыт мурда кошулган жана «түш учагы» деп да аталган

787-9 Dreamliner Стамбул аэропортунан алган биринчи жүргүнчүлөрүн Вашингтон Даллас эл аралык аэропортуна кондурду.

Учак аэропортко кол чабуулардын коштоосунда конду.

Түрк аба жолдорунун жетекчилери Стамбулдан ичи толо кеткен учактын Вашингтондон дагы ичи толо Стамбулга кайтарын белгилешти.

Түрк аба жолдору өткөн жылы 25ши так, бешөөсү кошумча болгон 30 B787-9 Dreamliner буюртмасынын үчүнчүсүн июль айынын акырында флотуна кошкон.

Түрк аба жолдорунун флотуна кошулган биринчи "Dreamliner" моделиндеги учак болгон жана Шейит Эрен Бүлбүлдүн элесине «Мачка» деп аталган учак биринчи каттамын 8 -июлда Трабзонго жасаган. Биринчи эл аралык каттамын 17 -июлда Стамбулдан Балинин борбор шаары Денпасарга жасаган.



Тектеш кабарлар