Орусия менен виза эркиндиги бүгүн башталууда

Орусия менен Түркиянын ортосундагы виза эркиндигинин алкагында кызмат жана жеке паспорт ээлери менен эл аралык транспорт айдоочуларына карата визадан бошотуу бүгүн башталууда.

1249439
Орусия менен виза эркиндиги бүгүн башталууда

Орусия менен Түркиянын ортосундагы виза эркиндигинин алкагында кызматтык жана жеке паспорт ээлери менен эл аралык транспорт айдоочуларына карата визадан бошотуу бүгүн башталууда.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Орусия менен жүргүзүлгөн виза сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бири бирине карата расмий паспорт  ээлеринин визадан бошотулушуна мүмкүнчүлүктүн түзүлгөндүгү эске салынды.  Маалыматта Орусия тарабынан кызматтык жана жеке паспорт ээлери түрк жарандарынын визадан бошотулары билдирилди.

Кызматтык паспорттун ээси Орусия жарандарынын да Түркия саякатында виза эркиндигинен пайдалана алары билдирилген маалыматта эл аралык транспорт айдоочуларынын да  визадан бошотулары белгиленди. Маалыматта эки өлкөнүн бири бирине карата визадан бошотуунун бүгүндөн баштап пайдаланууга болору билдирилди.

2010 -  жылы 12 -  майда кол коюлган визадан бошотууга байланыштуу келишимдин 2019 -  жылы 7 -  августтан баштап ишке киргендиги эскертилген маалыматта : «Аты аталган келишимдин бардык шарттары менен ишке ашырылышын каалайбыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар