Түркия Сирия чек арасында пландалган коопсуз аймакты куруу темасында алагды кылууга  жол бербейт

Тышкы иштер министрлигин басма сөз катчысы Хами Аксой,  жумалык маалымат жыйын өткөрдү.

1247007
Түркия Сирия чек арасында пландалган коопсуз аймакты куруу темасында алагды кылууга  жол бербейт

Түркия, Сирия чек арасында пландалган коопсуз аймакты куруу темасында алагды кылууга  жол бербестигин  билдирди.

Тышкы иштер министрлигин басма сөз катчысы Хами Аксой,  жумалык маалымат жыйынында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскердик делегациясынын коопсуз аймак сүйлөшүүлөрү үчүн Түркиянын борбору Анкарага 5-августта келээрин билдирди.

Аксой өз сөзүндө Америка Кошмо Штаттарынын Сириядагы  өкүлү Жеймс Жеффринин Түркияга болгон сапарында түрдүү жыйналыштар өткөрүлгөндүгүн белгилеп, коопсуз аймак жана Сирия чыр-чатагынын ар тараптан талкууга алынгандыгын кошумчалады.

Ал жыйналыштарда Америка Кошмо Штаттарынын өкүлүнө Түркиянын эң негизги күтүүлөрү билдирилгенин айткан Аксой, бул күтүүлөрдүн, аймактын узактыгы 32 километр болушу, көзөмөлүнүн Түркияда болушу жана ПЙД/ЙПГ террордук уюмдардын бул жерден чыгарылышы экендигин   баса белгиледи.

Коопсуз аймак тууралуу сунуштардын кабыл алынгыдай деңгээлинде эместигин билдирген Аксой:

“ Жаңы сунуштарды талкуулайбыз жана алагды  жараткан абалдын болушун каалабайбыз”-деди.

Аксой: “ Америка Кошмо Штаттары менен бир пикирге келе албай калсак (Сирия чек арасында) коопсуз аймакты өзүбүз жалгыз түзүүгө туура келет. Бул жагдайды бардык деңгээлде АКШга билдирүүдөбүз. Өлкөбүзгө келе турган АКШ аскердик делегациясы менен сүйлөшүүлөр уланат”,- деп айтты.

Бул учурда коопсуз аймакка карай АКШнын аскердик жооптуу кызматкерлери менен экинчи биргелешип иштөөнүн 5-августта Анкарада боло турганы билдирилди.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда АКШнын аскердик жооптуу кызматкерлери 4-август жекшемби күнү Түркияга келет.

АКШнын аскердик жооптуу кызматкерлери менен алгачкысы 23-июлда ишке ашкан биргелешип иштөө 5-августта Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде уланат.

 



Тектеш кабарлар