Түркия Ймендеги кол салууларды айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Бул кол салууларды айыптайбыз»,- деп билдирилди.

1246893
Түркия Ймендеги кол салууларды айыптады

Түркия Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде коопсуздук күчтөрүн бутага алган кол салууларды айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кол салууларда көп сандаган кишинин каза болушу жана жараланышынан санааркоолордун болгондугу белгиленип : «Бул кол салууларды айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Кол салууда каза болгондор үчүн Йемен өкмөтүнө жана боордош Йемен калкына көңүл айтып, жаралангандардын бат айыгып кетиши кааланган маалыматта булар белгиленди : «Йемендеги кризиске саясий чечүүчү жолдун табылышы үчүн  БУУнун жол башчылыгындагы аракеттердин дагы да мааниге ээ болгон бир процессте күч колдонуунун улантылышы тынчсыздантуучу абал. Тараптардын арасындагы кагылышуулардын  токтотулушу, Йемен калкынын кыйынчылыгынын акырына чыгышы, өлкөдө тынчтык жана ырааттуулуктун курулушу негизги каалообуз».

Хусилер кечээ эрте менен Йемендин түштүгүндөгү убактылуу борбор шаар Адендеги Ел  -  Жела штабына Бириккен Араб Эмирликтери колдогон Хизам ел  -  Емни күчтөрүнүн парады учурунда эки кол салуу жасаган, окуяда 25 киши каза болгон. Аденде өзгөчө эрте менен коопсуздук борборуна бомбалуу унаа менен жасалган кол салууда 10 аскердин каза болгондугу, 16 кишинин жаралангандыгы жана 16 кишинин экөөсүнүн оор жаралуу экендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар