ЖАКтын чечимдерин президент Эрдоган бекитти

ЖАКтын мүчөлөрүнө сый-тамак берген президент Эрдоган, андан соң Кеңештин жыйналышында чыгарылган чечимдерге кол койду.

1246452
ЖАКтын чечимдерин президент Эрдоган бекитти
erdogan yas imza.jpg
YAS anitkabir.jpg

Жогорку Аскердик Кеңеш (ЖАК) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексинде өттү.

Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги кеңештин мүчөлөрү, жыйындын алдында Түркия Республикасынын куруучусу Ататүрктүн көрүстөрү орун алган Аныткабирге зыярат кылышты.

Андан соң Эрдоган жана ЖАК мүчөлөрү, жыйын үчүн Президенттик комплекске барышты.

Жабык эшик артында өткөн жыйынга вице-президент Фуат Октай, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, адилет министри Абдулхамид Гүл, ички иштер министри Сулейман Сойлу, каржы министри Берат Албайрак, билим берүү министри Зия Селчук, башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Үмүт Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз катышты.

Жыйналыш 1,5 саатка созулду.

ЖАКтын мүчөлөрүнө сый-тамак берген президент Эрдоган, андан соң Кеңештин жыйналышында чыгарылган чечимдерге кол койду.

Буга караганда 2019-жылдын 30-августунан баштап 14 генерал жана адмиралдын даражасы көтөрүлүп, 40 полковник генерал жана адмиралдыкка жогорулатылды.

Президенттиктин катчысы Ибрахим калын, ЖАКтын чечимдерине ылайык маалыматында дагы деле 241 болгон генерал жана адмирал санынын 233 боло турганын белгилеп, «Бир генерал жашынын өтүшүнөн улам 1-сентябардан тарта, 47 генерал жана адмирал штаттын жоктугунун себебинен 30-августтан тарта ардактуу эс алууга чыгарылды. ЖАКтын чечими менен Кургактык күчтөрү командирлигинен, генерал-лейтенант Ирфан Өзсерт, генерал-полковникке жогорулатылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар