ЖАК Эрдогандын жетекчилигинде чогулду

ЖАК мүчөлөрү алгач Аныткабирди зыярат кылышты.

1246309
ЖАК Эрдогандын жетекчилигинде чогулду
YAS anitkabir.jpg

 

Жогорку Аскердик Кеңеш (ЖАК) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги кеңештин мүчөлөрү, жыйындын алдында Түркия Республикасынын куруучусу Ататүрктүн көрүстөрү орун алган Аныткабирге зыярат кылышты.

Андан соң Эрдоган жана ЖАК мүчөлөрү, жыйын үчүн Президенттик комплекске барышты.

Жабык эшик артында өткөн жыйынга вице-президент Фуат Октай, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, адилет министри Абдулхамид Гүл, ички иштер министри Сулейман Сойлу, каржы министри Берат Албайрак, билим берүү министри Зия Селчук, башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Үмүт Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз катышты.



Тектеш кабарлар