Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

Кол салууда 32 киши каза болгон.

1245687
Түркия Афганстанда болгон кол салууну айыптады

Түркия Афганстандагы жүргүнчү автобусуна жасалган жана 32 киши каза болгон бомбалуу кол салууну айыптап, афган калкына көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Афганстандын Герат аймагында бир жүргүнчү автобусуна жасалган кол салууда көп сандаган кишинин каза болушунан жана жараланышынан тынчсыздануунун болгондугу билдирилди.

Афганстанда шайлоо үгүтүн жүргүзүү баштатылган жана тынчтык процесси аракеттери жүргүзүлүп жаткан бир мезгилде террордук кыймылдардын күч алышынын тынчсыздантуучу абал экендиги баса белгиленген маалыматта : «Бул террордук кол салууну айыптап, кол салууда каза болгондор үчүн дос Афганстан өкмөтү менен боордош афган калкына көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып келишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Жол жээгине жайгаштырылган бомбанын Гераттан Фарах аймагына барган жүргүнчү автобус жолдон өтүп бара жатканда жардырылышы менен 32 киши каза болуп, 15 киши жараланган. Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар