Сирия чек арасында тынчтык тилкеси түзүлүшү үчүн керектүү бардык аракет жумшалат

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ чогулду.

1245253
Сирия чек арасында тынчтык тилкеси түзүлүшү үчүн керектүү бардык аракет жумшалат

Улуттук коопсуздук кеңеши Сирия чек арасында тынчтык тилкеси түзүлүшү үчүн керектүү бардык аракет жумшала турганын маалымдады.

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ чогулду.

Жыйналыштан кийин жарыяланган 5 беренелик билдирүүдө Сирия чек арасында түзүлүүсү пландалган жана «Тынчтык коридору» деп аталган коопсуздук тилкесинин курулушу үчүн керектүү бардык аракет жумшала турганы жөнүндө чечкиндүүлүк баса белгиленди.

Билдирүүдө айрыкча, «Өлкөнүн коопсуздугун жакындан кызыктырган маанилүү ички жана тышкы окуялар, улуттук биримдик жана ынтымак менен коопсуздукту коркунучка салган ПКК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы өлкө ичинде жана өлкө тышында атайын жана чечкиндүүлүк менен уланган күрөш, ПКК террор уюмуна каршы Ирактын түндүгүндө уланган «Чеңгел-1» жана «Чеңгел-2» операцияларынын ийгилиги, Түркиянын Эрбилдеги консулдугунда кызмат кылган дипломат шейит кылынган кол салуунун ачыкка чыгарылышы, ПКК террор уюмунун Сириядагы уландысы болгон ПЙД-ЙПГнын жалган башкаруучуларынан баштап айрым террористтердин кызыл бюллетенден чыгартылышынын ФЕТӨгө мүчө айрым террористтердин болсо кызыл бюллетенге киргизилбөөсүнүн глобалдык өлчөмдөгү террор менен күрөшүүгө жана интерполдун түзүлүш максатына зыян тийгизгени, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги эл аралык укуктан келип чыккан укук жана кызыкчылыктар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук жана кызыкчылыктарынын корголушуна карай аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу негиз кылынган, кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошкон, чечкиндүү жана принциптүү мамиленин улантылышынын зор мааниси» баса белгиленди.



Тектеш кабарлар