Түркияга авиацияда коопсуздук сертификаты берилди

Түркияга авиация коопсуздугунда көрсөткөн ийгилигинен улам «ICAO төрагалык кеңешинин авиация коопсуздугу сертификаты» берилди.

1243251
Түркияга авиацияда коопсуздук сертификаты берилди

Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) тарабынан Түркияга авиация коопсуздугунда көрсөткөн ийгилигинен улам «ICAO төрагалык кеңешинин авиация коопсуздугу сертификаты» берилди.

Жарандык авиациянын башкы директорлугунун интернет сайтында орун алган жарыяга караганда Эл аралык жарандык авиация уюму белгилүү периоддор менен мүчө мамлекеттерге карата текшерүүлөрдү ишке ашырууда.

Коопсуздук тармагындагы ийгиликтерди колдоо максатында Эл аралык жарандык авиация уюму «Авиация коопсуздугун текшерүү системасынын орчундуу элементтерди таасирдүү ишке ашыруу» катнаштарын маанилүү өлчөмдө арттырган өлкөлөргө 2015 – жылдан бери Кеңештин төрагасы авиация коопсуздугунун сертификатын берүүдө.

Ушунун негизинде Эл аралык жарандык авиация уюмунун бул текшерүүлөрдөгү ийгилик катнаштарын негиз кылып алып берген баа берүүсүнө караганда Түркия «Авиация коопсуздукту текшерүү системасынын орчундуу элементтерин таасирдүү ишке ашырууда» ийгиликтүүлүк катнашын 93, 15 пайызга жогорулатып, сертификат алуу укугуна ээ болду.

Бул сертификатты алуу үчүн таасирдүү ишке ашырууда ийгилик катнашында эң аз 15 пайыздык артуунун болушу жана Глобалдык авиация коопсуздугунун планында негиз кылып алынган минималдуу 65 пайыздык ишке ашыруу ийгилигине жетишиши керек. Өзгөчө мүчө өлкө тууралуу олуттуу коопсуздук тынчсыздануу эскертүүсүнүн болбошу, операциялык ишке ашыруудан 65 пайыздан жогору болгон ийгиликке ээ болуу шарты кошулууда.



Тектеш кабарлар