Греция менен Түркиянын көптөгөн жылдардан бери карым - катнаштары бар

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас азыркы учурда Түрия менен бар болгон  «эл аралык контекстин» негизинде сүйлөшө алышарын айтты.

1242991
Греция менен Түркиянын көптөгөн жылдардан бери карым - катнаштары бар

 

 Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас азыркы учурда Түрия менен бар болгон  «эл аралык контекстин» негизинде сүйлөшө алышарын айтты.

Никос Дендиас SKAI телекөрсөтүүсүнө  берген интервьюсунда тышкы саясатка карата маалыматтарды берди.Түркия менен карым  - катнаштардын көптөгөн жылдардан бери бар экендигин эске салып, Кипр маселеси тууралуу мамилелеринин так экендигин жана муну Европа Биримдиги деңгээлинде ортого салышкандарын баса белгиледи.

Дендиас түрк  - грек карым  - катнаштарына  карата : «Премьер  - министри Кирикос Мичотакис Түркияга зайтун бутагын узатты. Бул ачыкча эл аралык мыйзам жана келишимдерге көрсөтүлгөн урмат – сыйга байланыштуу. Түркиянын бул чакырууга кандай жооп берерин көрөбүз бирок  премьер  - министрдин да айтканындай эгемендик мыйзамдары сүйлөшүлө албайт»,- деди.

Дендиас : «Билгенибиздей коңшуңду тандай албайбсың. Бир Люксембург жана Бельгия болгонубузда баары башка болмок. Бардык бул чыгымдардан кутулмакпыз. Тышкы иштер министрлиги дагы жайлуу бир жер болмок. Коргоо министрлиги деген нерсе балким эч болбос эле»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен көптөгөн жылдар мурун таанышкандыгын айткан Никос Дендиас  азырынча кандайдыр бир эки тараптуу жолугушуунун пландалбагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар