Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

Сомалинин борбор шаары Могадишодо муниципалитет имаратына жасалган жан кечтилик кол салууда алты киши каза болду.

1242511
Түркия Сомалидеги кол салууну айыптады

 Сомалинин борбор шаары Могадишодо муниципалитет имаратына жасалган жан кечтилик кол салууда алты киши каза болду.

Жан кечтилик кол салууда каза болгондордун арасында жергиликтүү башкаруучулар менен муниципалитеттин кызматкерлери да бар.

Муниципалитет катчысы Салих Хасан билдирген маалыматында кол салууда жараланган муниципалитет төрагасы Абдурахман Омар Османдын борбор шаардагы Р. Т. Эрдоган ооруканасына жаткырылгандыгы жана абалынын жакшы экендигин айтты. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм Еш Шебаб моюнга алды.

2004 -  жылы Сомалиде курулган Аль Каида пикирин жактырган Еш – Шебаб террордук уюму өлкөнүн түштүгүндөгү аймактардын текшерүүсүн колго алган.

Бир тараптан Түркия Могадишодо муниципалитет имаратына жасалган жан кечтилик кол салууну айыптап, кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бенадир губернатору жана Могадишо муниципалитет төрагасы Абдурахман Омар Османдын жараланышынан жана кол салууда каза болгондор үчүн чоң санааркоолордун болгондугу белгиленди.

Маалыматта : «Кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтып, Абдурахман Омар Османдын бат айыгып кетишин каалайбыз. Бул террордук кол салууну айыптайбыз, дос жана боордош Сомали калкы менен өкмөтүнө каза болгондор үчүн көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар