Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

Могадишодо бомбалуу кол салуу болгон болчу.

1240407
Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

 

Түркия Сомалинин баш калаасы Могадишодо болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Могадишодо кечээ эртең менен көп сандаган адамдын каза табышына жана жаракат алышына себеп болгон террордук кол салуунун катуу айыпталгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Кол салууда каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайык кетишин каалайбыз. Дос жана тууган Сомали өкмөтү менен элине көңүл айтабыз»,-делди.

Баш калаадагы бомбалуу кол салууда 10 киши көз жумуп, 10 киши жаракат алган.

Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм Эш-Шебаб мойнуна алган болчу. 


Этикеткалар: #бомбалуу , #Могадишодо

Тектеш кабарлар