Террордук уюмга таандык буталар жок кылынды

Абадан операциялар уланып жатат.

1238689
Террордук уюмга таандык буталар жок кылынды

 

Тунжелиде абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККлык 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасынан жарыяланган билдирүүгө караганда, Тунжели аймагында абадан колдоо көрсөтүлгөн операция жүргүзүлдү.

Операцияда жикчил террордук уюм ПККлык 2 террорист жок кылынды.

Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда болсо 5 террорист таасирсиз кылынды.

Аймакта операциялар уланып жатат.

«Чеңгел» операциясы менен координациялуу түрдө Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Гара аймактарына жүргүзүлгөн абадан операцияларда болсо 6 террорист жок кылынды.

Айрыкча террористтер база катары колдонгон Каражак аймагына жүргүзүлгөн кеңири масштабдуу абадан операцияда да көп сандаган бута жок кылынды. Каражакка карай абадан операцияда террористтерге таандык жайлар гана бутага алынгандыгы маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар