Түркия Европа Биримдигине Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдиги чыгарган чечимдердин Чыгыш Жер Ортолук деңизде суу тек тууралуу иштерди жүргүзүү чечкиндүүлүгүнө таасир тийгизбей тургандыгын билдирди.

1236294
Түркия Европа Биримдигине Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдиги чыгарган чечимдердин Чыгыш Жер Ортолук деңизде суу тек тууралуу иштерди жүргүзүү чечкиндүүлүгүнө таасир тийгизбей тургандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен кечээ Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Тышкы карым  - катнаштар кеңешинин жыйынында чыгарылган чечимдерге байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта : «Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар кеңешинин кечээ өткөргөн жыйынында чыгарган чечимдер өлкөбүздүн Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги суу тек тууралуу жүргүзүлүп жаткан иштерин улантуу боюнча чечкиндүүлүгүнө  эч бир таасирин тийгизбейт. Бул чечимдерде  Кипр аралынын жаратылыш булактары боюнча бирдей укуктарга ээ Кипр түрктөрүнөн эч сөз болбошу жана Кипр түрктөрү жок сыяктуу кыймылдын кылынышы, Европа Биримдигинин Кипр тууралуу тарап жактагандыгын көрсөтүүдө»,- деп билдирилди.

«Бул чечимдердин рум/ грек экилигинин Европа Биримдигине мүчөлүктөрүн өз позицияларынын негизинде кандай унутушкандарын жана башка Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн да буга кандай курал болгонунун акыркы мисалы болду»,- деп билдирилген маалыматта булар белгиленди : «Өткөн күндө да бир нече жолу баса белгилегенибиздей Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги суу тек тууралуу иштерибиздин өз континент аянтыбыздагы укуктарыбыздын сакталышы жана аралдын орток ээси болгон Кипр түрктөрүнүн аралдын суу тек булактары тууралуу тең укуктуулугунун сакталышы болгон эки тарабы бар. Биринчиси Түркиянын Кипр маселеси чечилбестен Түштүк Кипр Рум башкаруусу менен деңиз аянттарын чектөө үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүн эмес. Кипр республикасы 1963 -  жылдан бери Кипр түрктөрүнүн өкүлү болбогону үчүн биздин жана Кипр түрктөрүнүн көз алдында чыныгы бир мамлекет эмес.

Экинчиден  бир чечүүчү жол табылбаса бир гана Кипр түрктөрүнүн укуктарынын кепилдикке алынышы менен мүмкүн болот. Ушунун негизинде  13 -  июлда Кипр түрктөрү киргизген жана өлкөбүз да толук колдоо берген кенен масштабдуу кызматташуу сунушу маселени чечүү үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүктү түзүүдө. Европа Биримдигинин бул мүмкүнчүлүктү карап чыгып жана суу тек булактары тууралуу аралдагы эки тарапты биригүүгө чакыруунун ордуна Түркияга каршы чечимдерди чыгарууга багыт алышы  чындыктан алыс бир кыймыл».

Түркиянын өз укуктарын жана кипрдык түрктөрдүн укуктарын мындан мурда да болгондой мындан кийин да чечкиндүүлүк менен коргоонун улантылары белгиленип, Түркиянын бул багыттагы иштеринин дагы да күчтөндүрүлөрү билдирилди.

Маалыматта : «Бул жагдайда Кипр түрктөрүнө берген убадаларын 2004 -  жылы 26 -  апрелден бери аткарбаган Европа Биримдигинин бизге айта турган бир сөзү да жок. Бул чечимдердин түрк калкы үчүн маанилүү болгон 15 -  Июлдагы козголоң кыймылынын үчүнчү жылында чыгарылышы да өзгөчө мааниге ээ»,- деп билдирилди.

Европа Биримдигинин тышкы иштер кеңешинин жыйынынын негизинде жыйынтык билдирүүсү жарыяланды.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде суу тек булактарына байланыштуу иштеринин мыйзам тышы экендиги жакталган билдирүүдө Европа Биримдигинин бул абалга карата түрдүү чечимдерди чыгаргандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар