Чавушоглу Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

Чавушоглу Скопьеде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1236526
Чавушоглу Европа Биримдигине каршылык көрсөттү

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде үч бургулоочу кемеси бар экенин, төртүнчү кемени да жөнөтө тургандарын белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу Түндүк Македонияга сапарынын экинчи күнүндө кесиптеши Никола Димитров менен жолукту.

Баш калаа Скопьеде журналисттердин суроолоруна жооп берген Чавушоглу, Европа Биримдигинин Түркияга санкция чечимине сереп салды.

«Буга санкция деп айтуу бул ишти абдан олуттуу кабыл алууну билдирет. Анча деле олуттуу кароонун кажети жок»,-деген Чавушоглу: «Түркияга камсыздала турчу каржылык жардамдарды буга чейин эле токтотушкан болчу. Булар жөнөкөй нерселер бизге таасирин тийгизе турчу нерселер эмес. Банкка сунушун айтканы Европа Биримдигинин башка бүдөмүгү, Европа Биримдигинин бизге муктаждыгы бар. Чыгарган чечимдеринин ишке ашырылышынын мүмкүн эмес экендигин өздөрү да билишет. Кипрдин Рум бөлүгүн канааттандыруу үчүн керексиз чечимдерди чыгарышты. Маселе Кипр түрк элининин аралдын айланасындагы укуктарынын корголбошу»,-деп айтты.

Түркияга карай ушундай чечим чыгарылган учурда Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш аракеттерди арттыра тургандары да белгилеген Чавушоглу: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде үч кемебиз бар, төртүнчү кемени да жөнөтөбүз. Рум бөлүгү да Европа Биримдигин артына салбасын. Рум бөлүгүнүн сүйлөшүүчүсү Түндүк Кипр Түрк Республикасы болуп саналат. Тезирээк эсине келсин»,-деди.

Орусиядан сатып алынган С-400 абадан коргонуу системаларына АКШнын каршы чыгуусуна да сереп салган Чавушоглу: «Сатып алынган С-400 системалары НАТОнун системаларына F-35 согуштук учактары менен катар эч кандай коркунуч жаратпайт. Толугу менен биздин көзөмөлүбүздө боло турчу система. Керексиз чыңалуу жаратууга керек жок. Ансыз деле келишим аяктаган. Учурда тапшыруу процесси жүрүп жатат»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар