"Чеңгел - 2" операциясы баштатылды

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Чеңел» операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгы белгиленди.

1235233
"Чеңгел - 2" операциясы баштатылды

Ирактын түндүгүндө террористтер уялаган аймактарга карата «Чеңгел – 2» операция планынын негизинде жаңы  кыймыл башталды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Чеңел» операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Алынган жыйынтыктарга караганда 2019 – жыл 12 – июлда кургак жер күчтөрүнүн артиллериялык батареялары жана аба күчтөрүбүздүн атыштары менен саат 22:00дө Ирактын түндүгүндө террористтер  уялаган аймактарга карата десанттык бригадаларыбыз менен «Чеңгел – 2» операция планынын негизинде аныкталган башка бир аймакта жаңы кыймыл баштатылды»,- деп билдирилди.

Маалыматта операциянын аба күчтөрү, АТАК тик учарлары менен учкучсуз унаа аппараттары ИХАнын колдоосунда пландалгандай түрдө улантылып жаткандыгы билдирилди.

«Бул кыймыл менен Хакрук аймагындагы террордук уюмдар тарабынан колдонулган үңкүр жана баш калкалоочу жерлердин жардырылышы, террористтердин жок кылынышы улантылат»,- деп билдирилди маалыматта.



Тектеш кабарлар