"The Network" аттуу даректүү филим Берлинде көрсөтүлдү

Филим көрсөтүүсүнө Түркиянын Берлин элчиси Али Кемал Айдын, Берлин башкы консулу Мустафа Челик, элчинин кеңешчиси Уфук Гезер да катышты.

1234059
"The Network" аттуу даректүү филим Берлинде көрсөтүлдү

"The Network" аттуу даректүү филим Германиянын борбор шаары Берлинде көрсөтүлдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын  долбоорунун негизинде TRT World тарабынан даярдалган жана Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн ортого салган "The Network" аттуу даректүү филим Берлиндеги Ал Хамбра кино залында көрсөтүлдү.

Таанымал англис журналист Эндрю Уилсон тарабынан тартылган даректүү филим чоң кызыгуу көрүп, залдын баары толду. Филим көрсөтүүсүнө Түркиянын Берлин элчиси Али Кемал Айдын, Берлин башкы консулу Мустафа Челик, элчинин кеңешчиси Уфук Гезер да катышты.



Тектеш кабарлар