Президент Р. Т. Эрдоган твиттер эсебинен Сребреница геноциди тууарлуу маалымат берди
Президент Эрдоган маалыматында : «Сребреница геноцидинде шейит болгон босниялык бир туугандарым үчүн Босния калкына көңүл айтам»,- деди.
1234155
Президент Р. Т. Эрдоган Сребреница геноцидинин тарыхта эч унутулбай тургандыгын белгиледи. Эрдоган Босния Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 - жылы болгон геноциддин 24 жылдыгынан улам твиттер эсебинен маалымат берди.
Президент Эрдоган маалыматында : «Европанын көз алдында болгон жана 8 миң 372 күнөөсүз кишинин өлүмүнө себеп болгон Сребреница геноциди тарыхта эч качан унутулбайт. 24 - жылында Сребреница геноцидинде шейит болгон босниялык бир туугандарым үчүн Босния калкына көңүл айтам»,- деди.