Президент Р. Т. Эрдоган Сараеводо

Президент Эрдоган Сараеводо түрк аскерлери менен жолугушту.

1232322
Президент Р. Т. Эрдоган Сараеводо
erdogan saraybosna Turk askerleri1.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Түштүк Чыгыш Европа кызматташтык процессинин  саммитине катышуу үчүн барган Босния Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо биринчи сапарын Мехметчикке жасады.

Президент Эрдоган Бутмир аскердик базасындагы Европа Биримдигинин Тынчтык Күчүндөгү Босния Герцеговина түрк делегация башкармалыгынын Улуттук колдоо бөлүктөрү командирлигинде кызмат кылган түрк аскерлери менен жолугушту. 

Эрдоган улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен бирге казарманы кыдырып, аскерлер менен түшкү тамак жеди. Сапар басма сөзгө жабык өттү.

Президент Эрдоган андан кийин Босния Герцеговинанын унутулгус лидери Алия Иззетбеговичтин мазарын зыярат кылды. Эрдоган кечки сааттарда да саммиттин негизинде бериле турган тамакка катышат.

 

 



Тектеш кабарлар