Памуккалени жылдын биринчи алты айында 1 миллион киши кыдырды

Памуккале жайкы сезонунда да конокторун тосуп алууну улантууда.

1230316
Памуккалени жылдын биринчи алты айында 1 миллион киши кыдырды

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган Памуккалени биринчи алты айда 1 миллион киши кыдырды.

Теңдеши жок кооздуктагы травертиндери, шыпаалуу термалдык суусу жана тегерегиндеги байыркы шаарлары менен бардык мезгилдерде туристтерди өзүнө тарткан жана «апапак бейиш» деп аталган Памуккале жайкы сезонунда да конокторун тосууда.

Жуманын ичинде жана жуманын акырында эс алуучу жерлердин арасында орун алган Памуккалеге келген жергиликтүү жана чет элдик туристтер травертиндерде басуунун жана шыпаалуу сууларына кирүүнүн ырахатын татууда.

Денизли туристтик операторлор жана мейманканалар ассоциациясынын төрагасы Гази Мурат Шен бул жылы туризм сезонунун берекелүү болгондугун белгилеп : «Жылдын биринчи алты айына караганыбызда апапак бейишке келген турист саны 1 миллиондон ашты. Өткөн жылы ушул эле мезгилде 780 миңге жакын турист келген. Өткөн жылга караганда 23 пайыздык өсүү болду. Жылдын акырына чейин 3 миллион туристти тосуп алуу үчүн колубуздан келгенди аткарып жатабыз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар