БУУга Түркия абдан катуу каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кытайдын борбор шаары Пекинден Түркияга кайтаар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1230055
БУУга Түркия абдан катуу каршылык көрсөттү

Жикчил террор уюму ПККнын жасалма уюму СДК менен чатактуу келишимдин астына кол койгон Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) Түркия абдан катуу каршылык көрсөттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Бул эч качан кечирилгис»,-деди.

Эрдоган, Кытайдын борбор шаары Пекинден Түркияга кайтаар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «БУУнун террордук уюмга ушундай түрдө көңүл буруусу, алар менен үстөлгө олтуруусу жана расмий статус тааныган сыяктуу келишимге кол коюусу эң жөнөкөй айтым менен чатак болуп саналат. Бул жөн калтырыла турган тема эмес»,-деди.

Президент Эрдоган, чатактуу келишимге каршылык көрсөтүлүшү үчүн БУУ багытында керектүү киришүү баштатылганын айтты.

АКШга F-35 согуштук учактары боюнча каршылык көрсөтүүсүн уланткан Эрдоган, АКШдан келген «С-400 алсаңыздар F-35 тапшырылбайт» деген билдирүүгө, «Биз биргелешкен өндүрүүчүбүз»-деп баса белгилеп, «Сиз кардар издеп жатсаңыз, кардар табылган болсо, ал кадар да төлөмдөрүн жасаган болсо, сен ал кардардын товарын кантип бербейсиң? Мунун аты карактоо болуп саналат»,-деди.

«Түркиянын АКШ-Иран чыңалуусуна арачы болуусу мүмкүн болобу?» деген суроосуна жооп берген Эрдоган: «Жапониянын премьер-министри Абэ менен болгон жолугушуубузда «Ушундай окуяда бирге боло алабызбы?» деди. Мен дагы «Эмнеге болбосун» дедим. «Экөө менен тең керек болсо Ирандын президенти Рухани, керек болсо Ирандын диний лидери Али Хаманей менен сүйлөшө аламын»дедим. «Бирге болсун десеңиз бирге да болушу мүмкүн» дедим»,-деп айтты.

Эрдоган, Ливияда Хафтер күчтөрүнүн Түркияны бутага алган маалымдоолоруна жана Түрк жарандарынын кармалып кайра кийин кое берилгенине каршылык көрсөттү.

БУУнун керектүү кадамдарды ташташы керектигин айткан Эрдоган: «Хафтер учурда ал жерде толук түшүнүк менен каркчылык кыймылын кылды, каракчы абалында болуп саналат. Менин ушул убакка дейре Хафтер менен эч тиешем болгон жок. Биз Ливияда эң кыска убакта шайлоого баруу мүмкүчүлүгү пайда болушун каалайбыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги бургулоо чыңалуусу аркылуу Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу жана Европа Биримдигине да катуу каршылык көрсөттү.

Укуктун негизинде ташташы керек болгон кадамдарды таштагандарын бирдирген Эрдоган: «А бирок биздин маңдайыбызга укук тааныбагандар чыкса, алардын түшүнгөн тили кайсы болсо ошол тилде сүйлөшүүнү билебиз. Түштүк Кипр ушул убакка дейре эч бир укук менен кыймыл кылган жок. ЕБ дагы чынчыл кыймыл кылган жери жок. Булардын бардыгы каракчы. Ал жерде эч бир укугу болбогондордун, өздөрүнө укук бычып алуулары кечириле турган нерсе эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар