Президент Эрдоган журналисттерге Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусиядан ала турган С  - 400дөрдүн биринчи сериасын 10 күндүн ичинде өткөрүп аларын айтты.

1228015
Президент Эрдоган журналисттерге Трамп менен жолугушуусу тууралуу билдирди
erdogan-trump.jpg

 Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусиядан ала турган С  - 400дөрдүн биринчи сериасын 10 күндүн ичинде өткөрүп аларын айтты. Эрдоган Японияда АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушуу тууралуу журналисттерге  маалымат берди.

Трамптын басма сөзгө берген маалыматын эске салган Эрдоган : «Өз тобуна карабастан так сөздөрдү айтты. Бул жакшы нерсе. С  - 400дөр тууралуу түрдүү жерлерде сөз сүйлөбөшү керек. Себеби бул билдирүүдөн кийин урматтуу Трамп абалын белгиледи»,- деди.

С  - 400дөр тууралуу Трамптын Түркиянын акылуу экендигин айтканын белгилеген Эрдоган : «Урматтуу Трамп  : «Биз силерге санкция салабыз»,- деген жок. С  - 400 тууралуу да «Туура айтасың, бул адилетсиздик»,- деди. Бул абдан маанилүү, урматтуу Путин менен үч тараптуу жолугушканыбызда да жакшы сөздөрдү айтты. Эч бир кыйынчылык болбостон бул процессти ашып өтөбүз деп ойлоймун. Бир жума 10 күндүн ичинде С  - 400дөрдүн биринчи сериасы келет»,- деди.

«Түркия АКШдан Патриот алабы?»,- деген суроого жооп берген Эрдоган : «Технологиялык жактан бир С  - 400, 3 Патриотко тең келет. Ушуга карабастан биз шарттарды көрөлү. Эгер шарттар С  - 400дөргө тең келе турган болсо биз Патриот алабыз. Бирок тең келбесе  капа болбогула. Силер өз кызыкчылыгаңарды ойлоп жатсаңар биз да кызыкчылыгыбызды ойлоп жатабыз. Муну  да ачыкча айттык»,- деди. Жолугушууларда Ф  -35тердин тапшырылышынын да күн тартибине келгендигин айткан президент процессти коргоо жана тышкы иштер министрлеринин иликтей тургандыгын айтты.

Президент Эрдоган түрк аба жолдорунун АКШдан 100 Боинг учагын аларын да билдирди жана Трамптын Түркия сапары менен бул карым  - катнаштарды дагы да өнүктүрүшөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар