Президент Эрдоган Чоң жыйырмалык тууралуу өз ойлорун бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан Жапониянын Осака шаарында өткөн жана кечээ аяктаган Чоң жыйырмалыктын (G20) Лидерлер самиити тууралуу бөлүшүүсүн жасады.

1227437
Президент Эрдоган Чоң жыйырмалык тууралуу өз ойлорун бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, глобалдык күн тартиптин алдыңкы маселелерин караган Чоң жыйырмалык (G20)  самммитинин Түркия үчүн жемиштүү өткөнүнө ишенгенин белгилеп, саммиттин бардык адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи.

Эрдоган, социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан Жапониянын Осака шаарында өткөн жана кечээ аяктаган Чоң жыйырмалыктын (G20) Лидерлер самиити жана бул саммиттин алагында жүргүзгөн эки тараптуу жолугушуулар тууралуу баа берүүсүн жасады.

Саммиттин глобалдык күн тартиптеги темаларынын ар тараптуу каралып чыкканын, жемиштүү, абдан ийгиликтүү жыйналыш болгонун белгилеген Эрдоган: «Террор менен күрөшүүдөн глобалдык экономикага, инновациядан, санариптешүүдөн тартып саламаттык сактоо жана экологоияга чейин бир топ маселе боюнча Түркиянын жасап жаткандарын жана көз карашын, керек болсо тобу менен болгон жолугушууларда, керек болсо эки тараптуу жолугушууларда түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук»,деп бөлүштү.

Президент Эрдоган: «АКШнын президенти Дональд Трамп менен өлкөсүнүн ортосундагы саясий, аскердик, соода-сатык карым-катнаштарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошо тургандарына ишенген, стратегиялык өнөктөштүгүбүзгө күчтүү басым жасалган абдан жемиштүү эки тараптуу жолугушууну ишке ашырдык. Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда бардык тармактарда өскөн жана өнүгүп жаткан Түркия-Орусия карым-катнаштарын дагы өнүккөн жана жогорку деңгээлге жеткириш үчүн иш-аракеттерди улантуу темасында макулдаштык. Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Түркия-Франция карым-катнаштарына карай теманы сүйлөштүк, карым-катнаштарыбыздагы маселелерди чечүүгө жана карым-катнаштарыбызды өнүктүрүүгө карай бирдей көз карашка ээ болгонубузду тастыктадык. Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон жолугушууда Түркия-Германия карым-катнаштарынын келип жеткен деңгээлин кантип дагы жогорулатуу керектиги боюнча маанилүү кеңешүүлөрдү өткөрдүк. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Чыгыш Жер Ортолук деңиз баш болгон аймактык жана глобалдык маселелерди, эки тараптуу соода жана саясий карым-катнаштарыбызды карап чыктык; чечүүгө багытталган түшүнүк боюнча макулдаштык»,-деп бөлүштү.

Эрдоган, Испаниянын премьер-министри Педро Санчезди кабыл алуусунда да Түркия-Испания карым-катнаштарынын илгерилетилиши жана кааланган деңгээлге жетиши үчүн эки тараптуу иш-аракеттер каралганын айтты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга баа берилген абдан түшүмдүү эки тараптуу жолугушууларды ишке ашыргандарын, достук карым-катнаштардын, соода өнөктүктүрүнүн бул жолугушуу менен дагы да чыңдала турганына чын жүрөктөн ишенгенин айткан Эрдоган: «Индонезиянын мамлекет башчысы Жокови (Joko Widodo)  менен өлкөбүздүн ортосундагы күчтүү байланыштарга токтолдук,  карым-катнаштарыбызды күчтөндүрүү каалообузду жана Индонезия калкын ар дайым колдой турганыбызды баса белгиледик. Глобалдык күн тартиптин алдыңкы темаларын караган Чоң жыйырмалык саммитинин өлкөбүз үчүн жемиштүү өткөнүнө ишенүүдөмүн, саммиттин бардык азамзат үчүн пайдалуу болушун тилеймин. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ аркылуу, саммитти ийгиликтүү өткөргөн Жапонияны куттуктаймын»,-деди.

Чоң жыйырмалыктын (G20) лидерлер саммити тууралуу түркчө менен катар немис, француз, англис, орус, индус тилдеринде  бөлүшүүсүн жасаган президент Эрдоган, айрыкча лидерлер менен болгон жолугушууларынын фотосүрөттөрүнө да орун берди.

 



Тектеш кабарлар