Эрдоган Жапонияда Түрк коомчулугу менен жолукту

Президент Эрдоган, Жапонияда Нагоя Бунри университетинин маданият форумунда Түрк коомчулугу менен жолугушту.

1227474
Эрдоган Жапонияда Түрк коомчулугу менен жолукту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жикчил террор уюму ПКК, ДНКР-С жана Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) бири-биринен эч айырмасы болбогонун айтты.

Президент Эрдоган, Жапонияда Нагоя Бунри университетинин маданият форумунда Түрк коомчулугу менен жолугушту.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө: «Жапонияда ФЕТӨгө караштуу мектептер, коомдор жана жеке кишилер дагы деле иштерин улантышууда. Бул уюм чет өлкөдө өлкөбүзгө карай тыгыз каралоо кампаниясын жүргүзүүдө. Өжөрдөнүү, өч алуу жана жек көрүү көзүн боегон ФЕТӨчулардын өлкөбүздүн аброюна кара көө сүртүшүнө уруксат бербешибиз керек. Канкор террордук уюм менен күрөшүүдө сиздердин колдоо көрсөтүшүңүздөрдү күтүүдөбүз. ПКК кандай болсо ДНКР-С кандай болсо ФЕТӨ дагы ошондой,булардын бири-биринен эч айырмасы жок»,-деп айтты.

Эрдоган, Жапониянын Нагоя шаарында Башкы консулдук ачыла турганын билдирди.

«Түрк аба жолдору алдыбыздагы жылдын апрель айынан тарта Осакадагы Кансаи аэропортунан Стамбул каттамдарын баштайт»,-деп айткан Эрдоган: «Жапония менен социалдык коопсуздук келишиминин сүйлөшүүлөрүн улантуудабыз. Бул сүйлөшүүнү да жакында жыйынтыктоону максаттап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар