"Рүйа" учак Стамбулга келди эми аты "Мачка"

Учактын алгачкы узун аралыкка учуу уруксаты июль айынын акырына карай Балиге болот, андан кийин Мексика Канкунага учат.

1226161
"Рүйа" учак Стамбулга келди эми аты "Мачка"

Түрк аба жолдорунун «Рүйа» (Түш) учагы Стамбулга келди. АКШдан жолго чыккан Боинг 787 - 9 Dreamliner жүргүнчү учагы кечээ Стамбул аэропортуна конду.

«Рүйа» учагын Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши жана башка жетекчилер тосуп алды. Билал Экши учактан эч кандай үндүн чыкпагандыгын айтып жүргүнчүлөрдүн узун аралыктуу жолдо чарчабастан бул учак  менен уча аларын айтты. 300 кишилик учактын кабинасы да атайын долбоорлонгон.

Учактын жарыкты филтирлөө, дагы жакшы аба басымы жана дагы көп нымдуулук берүү жөндөмдүүлүгү менен жүргүнчүлөрдүн дагы аз кургактык сезишине жардамчы болуп, чарчашын азайтуу мүмкүнчүлүгү бар.

Учуу аралыгы 14 миң 140 километр болгон учак ошол эле чоңдуктагы учактардан 20 пайыз дагы аз күйүүчү май колдонот жана дагы көп жүк ташый алат. 30 даана учак буюртма берген Түрк аба жолдору бул жылы алтоосун желесине кошот.

Ошол эле учурда Түрк аба жолдору «Боинг  787-9 Dreamliner" моделиндеги учактын атын белгилөө үчүн твиттер эсебинен жүргүнчүлөргө карата сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун натыйжасында Трабзондо 2017 -  жылы бала кезде ПКК террористтери тарабынан шейит болгон Эрен Бүлбүлдүн туулган жери «Мачка» аты берилди. Учак алгачкы каттамын Трабзонго аткарат.

Учактын алгачкы узун аралыкка учуу уруксаты июль айынын акырына карай Балиге болот, андан кийин Мексика Канкунага учат.



Тектеш кабарлар